Ичкилик ичкен аялдын кайгылуу абалы

3117

Бүгүнкү күндө ичкилик ичип кеткет, тагдыры алкоголизм оорусуна чалдыгып, дүнө өзү алы келбей калган аялзаты жөнүндө сөз кылгым келет. Бул көз караш мурда ичип, бүгүнкү кундө кайра жашоого кайрылып келген айымдын алкоголизма болгон, көз карашым чагылдырган тасма.
Балким кыйналып, теңселей жол таппай, жалдырап, кимден жардам сураарын билбей жүргөн айымдарга жардам берип камчысы бардыр “Үмүт” деген өлбөгөн ниет жана ишенич. Аялзатынын астында дум мурда чалдыккан алкоголизм оорусуна баа берүүнүн аракетиндемин. Балким кимдир бирөөгө жардамы тиер. Бүгүнкү күндө жаңы турмуш үстүндөгү аялдын тагдырынан алынган көз караш.
Ичкиликтин “Сазына” батып, тагдырым менен матырылып, башым жана кылып карайлап: “Эми канттим, өлүп калсам жакшы болот эле”-деген ойго жеттим. Ал түшкөн саздан чыга албай калганымы көзүм жетти. Жүрөгүм боздоп ыйлап, кайгыга батып сыздадым. “Өлөүн” десем жан кымбат, “Өлбөйүн ” десем жашоого жок. Асман менен жердин ортосунда айла таппай калган күн да келди.
Бүгүнкү күнгө келип артымды карап, ичкиликтен кыйналгам аялзатына кайрылууну чечтим. Себеби тегерегимдеги ичкиликтен кыйналгам аялзатын көрүп өз жашоосун акырындагы аракка алдырып, өмүрлөнүп кыйып, акылдарынан, сулуулугум алдырып , аялдын касиетинен ажырап, өз тагдырларын байлаган, бош жургөн, бирок “ичкилик турмөсүнө” чалдыккан жана андан чыга албай, расмий коомдон ажырап “о дүйнөгө кеткен аялзатты аз эмес.
Аялза, айым деген наами берилген-алардын арасында бизнес айымдар, политиктер, мугалим, врачтар спортсмендер жана көптөгөн кесиптердин ээлери бар.
“Касиеттүү эне” атынан ажырап, эне атына жоготуп. Көчөлөп калган аялзаты дагы жок эмес.
Өзү үчүн кымбат болгон балдарынан, туугандарынан, үй-бүлөсүнөн, байлыгынан ажырап аларды да кыйган жүргөн айымдардарды да коомубузга толуктуруп жүрөбүз. Эми суроо тутулат. Эне үчүн “ичкилик” оорусуна бүгүнкү күндө аялзаты алдырууда? Бул оору жаштардын арасында да көбөйүүдө.
Бул тынчсыздырбай койбойт.
Бул көрүнуш ачык айкын өнүгүүдө. Наркология ооруканасында жүдөп азап тартып кыйналып өздөн өзү кыйналып тажагандар бар.
Куулуп туугандарын тажатып, өщдөрүнө ичкилик түрмөсүн куруп, акырындап кысылып кысылып бул азаптан чыга албай оо дүйнөгө кеткендер дагы аз эиес,бул оору аялзаттын ден соолугун, сулуугунан ажыратып, көчөгө чыгарып, жарыкты караңгы кылып таза өмүрүн кирге айланткан азаптуу оору.
Канчалык оор болсо дагы аял затын аңгемемди аягына чеин чыдап окушуңду өтүнөм, себеби мен жалгыз эмесмин. Тегерегимде күнүнө ичип калган айымдарга кагылам, бул жүрөктөн чыккан кайрылуу казылбай, ички дуйнөнү бузган, карайлаткан “ичкилик аңы”десем жаңылбай ичкенд күлдүрүп бийлетип, акырында жаныңды сооруп алсыз кылып, бүт дүйнөндү ээлеп алып, алдаган суу заты десем жаңылбайм, ал аңдан чыгуу аракетин жасасаңдан өмүрүндү ээлеп алган. Туугандарын чакырып, тегеренип ыйлап көп жашы сени айыктыра албаган оору. Мен үчүн бул кайрылуу оңой эмес, бирок бул чечимге келгенимдин себеби,балким мен чыккан жол менен өмүрүңдү сактап каларсың ойноп күлүп, үй-бүлө, жакшынакай көйнөк кийип тойлорго барып, расмий коомго кайрылаарсың аял зат. Денеңдеги ар бир клетканы акыл ээсиңди ээлеп алган ичкилик, кесепетинен кутулуп кетерсиң, бутун басын денелүү болгон менен тирүү өлүктөн эмне айырмаң бар, тирүү эле куурчак болупже жаңың жок, же оюң жок, жарым стакан ичкилик болсо деген башка тилегин жок, өзүңө өзүң баа берерсиң аялзат. Мен үчүн бул ичкилик оорусуна баа берүү татаал, мен бир өзүмдүн ичимде болгон абалымды сүрөттөп берүүнүн амалындамын. Коомдо жашап жапайы болуу кыйынго. Үй жайды, тагдырың берген байлыгынан ажырап көчөгө аракечтерди дос болуп каласың. “Эмне үчүн андай аквалга жетим”-деп ойлонорсуң. Айласыздан калпычыга айланып кебетең кетип калтырап жакшы ойдон ажырап калгаңынды сезесинби аялзат. Жаш кезиңдеги сулулугуңду алдырып, эски кийим кийип эмне үчүн көчөдөгү ичкен доторду тапканыңды билесиңби аялзат.
Баардык оору кыйын, ар кандай оорудан адам кыйналат, бирок алкоголиз оорусу өзгөчө. Тирүү жан эч жериң оорубайтбирок ичкиликти ичкиң келет, эмне үчүн экенин, түшүндүрүү кыйын. Ал маселелери токтобой эле коеюн, акырындап ооруга чалдыккан уийин, акыл-сезим өзгөрүп, кылк-мүнөзүң башкача болуп кайда жүрүп турганыңды билбейсиң. Эң кыйын абалың-өзүңдөн өзүн баш тартып ажырайсың. Соолгондо “Ичпей “деп ант бересиң, чын дилиң менен, ички дүйнөң менен “ичким келбейт” деп ант бересиң, бирок кутула албайсың. Ичкилик кайра ичүүгө чакырат, анан ал ичкиликтин саны жок. Анан акырындан өмүрүң кыйыла берет. мен арактын алдында “алсызмын” деген ой кетет, бирок ага баш ийгиң келбейт “ичкиликсиз кантип жашайм деген” суроо келет оюңа. Эми түшүнөөрсүн, эмне үчүн арак күчтүүлүк кылаарын.
Үйдө жашап мүчө эмес, коомдо жашап адам керчиликтен чыгып калганыңды түшүнөөрсүң аялзат, ал абалга жете элек болсоң мени түшүнүп жаткандырсың. жүрөгүң жарылып “чарчадым ушул ичкиликтен” канткенде кутулам деп ыйлап жалынган күндөрүн болгондур. Бул оору сенин байыңа да, кедейиңе да, акылдуулуңа да, акылсыздыгыңа да жаш карыңа да карабайт. Мунун тилеги бир гана сени акырындап кайгы жолу менен алып кетүү, ал өлүм. Бир гана жолуң наркология, чыгасың дагы, кайра барасың.
Арак жинди кылганда, псих ооруканасына да барасың. Ушундай татаал, түшүнүксүз кайгыга алып келген оору. Көкүрөк кагып “мен аракеч эмесмин”-деп кыйын күндөрүңт да аз эмес.
Эми эң кызык жерин айтып берейин, бул оорудан чыгуу жолу бар. Бул Анонимдүү Алкоголиктер Дүйнөлүк коому. Ал коом биздин жерибизде да бар. Атайын түзүлгөн Программа 12 кадам боюнча ичкиликтен кутулам деп, өз оорусун алып келбей калганына көзү жеткен жарандардын коому. Ал коомдо уюмдары бар мен ушул уюмдун мүчөсүмүн. Ошол АА программасы аркылуу бүгүнкү күндө бактылуумун, мага да мурда ичүү айыккан достор жардам беришти. Ичкиликтен жарчасаң АА коомуна келе аласың. Биз өзүбүздүн тажрийбабыз менен бөлүшөбүз. Дүйшөмбү,Шаршемби,Бейшемби,Ишемби күндөрү 18.30- 20.00 чейин чогулуштар жума күнү аялдар чогулуштары болот.


У нас появился свой чат в Телеграм!
Вы можете вступить в чат и задать свои вопросы анонимно: @aakaz_chat


Подпишись на наш канал в Телеграм и получай новые статьи сразу после публикации: @aakaz_kz